Ошто 30 жаштагы жарандын өлүмүнө шектүү адам кармалды
Ошто 30 жаштагы жарандын өлүмүнө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, милицияга Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жашаган 1992-жылы туулган Д.И. аттуу жаран миздүү нерседен алган жаракатынан улам каза болуп калганы боюнча дарыгерлерден билдирүү келип түшкөн.
Кайгуул кызматкерлеринин ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында 1994-жылы туулган Ж.Э. аттуу Кара-Суу районунун тургуну кылмышка шектелип кармалган.
Шектүү учурда тергөө кызматына жеткирилген, окуянын чоо-жайы такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.