super.kg logo

Түркиянын Ван көлүндө сууда сүзүү жана дайвинг фестивалы өтүүдө (Сүрөт)

 

Түркия байыркы эстеликтерге жана кайталангыс кооздукка бай өлкө. Бул өлкөгө болгон сапар эстен кеткис окуяларды, айтып бүткүс таасирлерди калтырат.

Түркия мамлекети унутулгус таасир, кооз жаратылыш жана уникалдуу даамды татып көрүүгө чакырат.

Анатолиянын эң чоң ички бассейни болгон Ван дээрлик жети миң жылдык маданий мураска ээ.

Ван маданий, тарыхый жана табигый байлыктары менен аймактагы маанилүү шаар. Анатолиянын дарбазасы катары облус Урарту, Ассирия, Мадай, Перс, Македония, Сасанид, Чыгыш Рим, Селжук жана Осмон сыяктуу көптөгөн цивилизациялардын миң жылдык изин таштаган аймакта жайгашкан. Ван шаары көп жыл бою Урартунун борбору болгон. Анын эң белгилүү жерлери болуп Менуа (Шамран) суу каналы, Эвлия Челеби "кулаган төөгө окшош" деп сүрөттөгөн Ван сепили жана Хошап сарайы саналат.

Ванга саякат сизге терең маданий атмосферага сүңгүүгө, даамдуу тамактардан даам татууга жана терең тарых менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Албетте, булардын кээ бирлери же бардыгы сиз үчүн жаңылык болот, бирок сиз бул жаңы ачылыштардан сөзсүз ырахат аласыз!

Деңиз деңгээлинен 1640 метр бийиктикте жайгашкан Ван бирюза сууларына, байыркы чиркөөлөргө жана жети миң жылдык даңазалуу тарыхка бай сырдуу аймакка саякатка чакырат. Түркиянын түштүгүнөн жана түндүгүнүн ортосунан орун алган Ван көлү биздин Ысык-Көлдөн беш эсе чоң. Көлдүн жашы дээрлик 600 миң жыл. Узундугу 4500 чакырым, тереңдиги 450, орточо тереңдиги 150 чакырым. Бул жердеги суу 70 сантиметр бууланып, андан кийин аны жууп турган 16 дарыянын жана жамгырдын жардамы менен кайра калыбына келип турат.

Сууда сүзүү жана дайвинг фестивалы Түркиянын Анатолий аймагындагы эң чоң ички бассейн болгон Ван көлүндө өткөрүлүүдө.

Ван көлү Түркиянын эң чоң көлү болуу менен бирге дүйнөдөгү эң чоң минералдык сода көлү болуп эсептелет. Суу сактагычта фитопланктондун 103 түрү, зоопланктондун 36 түрү бар. Бул көл Ван жана Битлис шаарларынын ортосунда жайгашкан Немруд жанар тоосунун атылышынын натыйжасында пайда болгон.

Бул жерде өткөрүлгөн сууда сүзүү фестивалынын максаттарынын бири Ван көлүн дүйнөгө таанытуу жана анын экологиялык тазалыгын сактоого көңүл буруу. 23-июлга чейин созула турган фестивалды дүйнөнүн төрт бурчунан басма сөз өкүлдөрү чагылдырууда. Иш-чара биринчи жолу өтүп жатат.

Фестивалдын алкагында Вандагы Чарпанак аралы, Нимруд жанар тоосу, Селжук көрүстөнү, Ван чеби сыяктуу көптөгөн тарыхый жерлерге саякат да болот.

Ван көлүндөгү эң чоң микробиолиттер суу түбүндөгү жаракалардан пайда болгон, алар минералдарды алып келүүчү таза ичүүчү суу. Көрүнүшү маржанга окшош, өтө назик. Алар Ван көлүндө гана бар. Алар дароо эмес, убакыттын өтүшү менен 100, ал тургай миллиондогон жылдар бою пайда болот.

Ар кайсы өлкөдөн журналисттерди чакырып медиатур уюштурганы, Түркияны жакындан таанууга мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн «Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм министрлигине жана Түркия Туризмди өнүктүрүү агенттигине (TGA)» ыраазычылык билдиребиз!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: