Ош облусунда 6 жашар бала сууга чөгүп кетти
Ош облусунда 6 жашар бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 22-июлда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Эркин айылында 2016-жылы туулган М. уулу. С. аттуу бала Савай каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Кара-Суу райондук №25 ӨКБдан 14 кткаруучу, Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 7 куткаруучу, ИИМден 18 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам, жалпы 21 куткаруучу тартылган. Кошумча маалымат берилет", - деп жазылган маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.