super.kg logo

Чүйдө 2 кабаттуу үйдүн чатырынан кулап кеткен адамга жардам көрсөтүлдү

 

Чүй облусунда ӨКМнын куткаруучулары курулуп жаткан үйдүн чатырынан кулап кеткен жаранга жардам көрсөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июль күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Учкун 2 жаңы конушунун жанында курулуп жаткан 2 кабаттуу үйдүн чатырынан 1968-жылы туулган М.Т. аттуу эркек киши кулап түшкөн.

Жерине ӨКМнын Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, жаранды атайы шаймандардын жардамы менен жерге түшүрүп, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Андан соң туугандары тарабынан ооруканага жеткирилген. Алдын ала маалыматтарга караганда абалы канааттандыраарлык.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: