"Жаңы төрөгөнүн айтып...". Интернетке 2 аялдын дүкөндө мушташкан видеосу тарады
Социалдык тармактарга дүкөндө мушташкан 2 аялдын видеосу тарап, кызуу талкууга алынууда.
Социалдык тармактын колдонуучулары окуя 19-июль күнү Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районунда болгондугун жазышууда. Анда келин мөөнөтү өтүп кеткен товарды алмаштыруу үчүн дүкөнгө кайра барган. Ошол учурда сатуучу экөөнүн ортосунда чыр чыккан. Эки тарап милицияга арыз жазганы айтылууда.
Ал эми видеодо бири экинчисин буту менен басып, бетке чаап жатканын, тепки астында калган жаран жаңы төрөгөндүгүн айтып жатканын көрүүгө болот.
Милиция бул окуя боюнча комментарий бере элек.
Мушташкан видео тарады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.