Бир жумада 240 айдоочу мас абалында унаа башкарганы аныкталды
Өткөн аптада республикада 16 896 жол эрежесин бузуу аныкталды. Алардын ичинен 3 860ы ылдамдыкты ашкан айдоочулар болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Маалыматка ылайык, бир жумада тиешелүү документтерсиз унаа каражаттарын башкарган 193 айдоочу аныкталды.
Калгандары:
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу - 5830;
- жөө жүрүүчүнүн жол эрежелерин бузгандыгы үчүн – 1005;
- автоээнбаштык – 8;
- ТК түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү – 45;
- жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн – 4752;
- айнектери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн - 17;
- мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 240;
- унаа токтотуучу жайга токтотулду – 880.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жол эрежелерин сактоого чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.