Кара-Буурада 2 тоннага жакын кара куурай жок кылынды





Талас облусунун Кара-Буура районунда 2 тоннага жакын кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Чымгент айыл өкмөтүнө караштуу Шалтак тилкесинин арык жээктеринде, жол жээктеринде жана талаада жапайы өскөн кара куурайлар чогултулду.
"Айыл өкмөттүн, жер адисинин жана жергиликтүү тургундардын катышууусунда 2 гектар жер текшерилип, өрттөө жолу менен 2 тоннага жакын кара куурай жок кылынды", - деп жазылат маалыматта.
Кара-Буура районунун башка аймактарында да кара куурай өсүмдүктөрү жок кылынып, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турары айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.