Чоң Алайда январдан бери жөлөк пулга 95 миллион сом жумшалды




Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Ош облусунун Чоң-Алай райондук социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын ишмердигин текшерди.
Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү күндө райондун 6 миң 100 тургуну ар кандай жөлөк пул алышат. Жыл башынан бери бюджеттен социалдык муктаждыктарга 95 миллион сом бөлүнгөн.
"Ар бир кызматкер биздин министрликтин жүзү болуп саналат, сиздердин биздин жарандарга болгон мамилеңерден эл бизди кандай кабыл алары көз каранды. Биздин кызматтардын ар бир алуучусу бактылуу болушу үчүн биз жарандарды турмуштук оор кырдаалдан чыгууга үндөшүбүз керек", - деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.