super.kg logo

"Баш ооруп, дене табы көтөрүлөт жана майда жарааттар чыгышы мүмкүн". Маймыл чечегинин белгилери кандай?

 

Бүгүнкү күндө маймыл чечек оорусу дүйнөнүн 75 өлкөсүндө 16 миңден ашуун учуру катталды. Аталган оорудан 5 адам каза болгон. Сейрек кездешүүчү бул илдеттин белгилери кандай болорун республикалык штабдан маалымдашты.

"Маймыл чечегинин белгилери:

- дене табынын көтөрүлүшү, баш оору, булчуң эттердин оорусу, далынын оорушу, лимфа түйүндөрүнүн чоңоюшу, чыйрыгуу жана чарчоо;

- денеге беттен баштап дененин башка бөлүктөрүнө, анын ичинде жыныс органдарына жайылган майда жарааттар чыгышы мүмкүн;

- майда жарааттар өзгөрүп, карттанып түшөрдүн алдында алды менен ар башка стадияларга өтөт жана суу чечек (ветрянка) же сифилистеги жарааттар сыяктуу көрүнүшү мүмкүн;

Үй-бүлөлүк дарыгерге же бейтапканага кайрылуу зарыл, өз алдынча дарыланууга болбойт", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, май айында дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө маймыл чечегин жуктуруп алгандар катталганы маалым болгон. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул илдетти жуктуруп алгандар жакын арада көбөйүшү мүмкүн экенин билдирген.

Маймыл чечеги кадимки чечектин бир түрү болуп саналат. Алгачкы жолу 1958-жылы маймылдардан аныкталгандыгынан улам ушундай аталып калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: