super.kg logo

"Бири-бирине жанаша жатышат". Оштогу убактылуу кармоочу жайларда керебеттер жок болгону белгилүү болду (фото)

 

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Ош облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Кара-Суу жана Ноокаттагы убактылуу кармоочу жайлардын шартын жакшыртышты. Бул тууралуу аталган борбордун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, буга чейин Ош облусунун райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоочу жайларынын дээрлик бардыгында эл аралык стандарттын эрежелеринде каралган керебет түрүндөгү уктоочу жайлар жок экени белгилүү болгон.

"Камактагы ар бир адамга улуттук же жергиликтүү эрежелерге ылайык өзүнчө керебет берилиши керек, өзүнчө төшөнчүлөр менен жабдылышы зарыл. Ноокат, Араван, Кара-Суу, Өзгөн, Кара-Кулжа, Алай жана Чоң-Алайдагы убактылуу кармоочу жайдагылар керебеттер жоктугунан улам жанаша жатууга аргасыз болгон. Улуттук борбордун Оштогу өкүлчүлүгү тарабынан Ош облусунун прокуратурасынын жана ички иштер башкармалыгынын колдоосу менен бул мыйзам бузуулар жоюлган. Натыйжада Кара-Суу жана Ноокат УКЖларында камералар оңдолуп, керебеттер орнотулду", - деп билдиришти Кыйноолорду алдын алуу борборунан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: