super.kg logo

Доскул Бекмурзаев электр энергиясынын баасын көтөрүүнү кыйытты

 

Электр энергиясын сатуудан түшкөн каражат энергетикалык компаниялардын чыгашасын жаппайт. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы электр энергиясына тарифтер дүйнөдөгү эң төмөнкү тарифтердин катарына кирет. Бул энергетика тармагын өнүктүрүүгө, энергетикалык секторду реформалоо боюнча капиталдык программаларга жетиштүү финансылык инвестицияларды тартууга мүмкүндүк бербейт. Электр энергиясын колдонуудагы тарифтер боюнча сатуудан түшкөн каражаттын көлөмү энергетикалык компаниялардын насыялык төлөмдөрүнө жана учурдагы чыгымдарына караганда азыраак.

2021-жылы энергетикалык компаниялардын чыгашасы 28 миллиард 259 миллион сомду түздү. Тармактын жалпы тартыштыгы 15 миллиард 271 миллион сом", - деп билдирди министр.

Бекмурзаев элди энергетика тармагындагы каржылык тартыштыкка түшүнүү менен мамиле кылууга чакырып, электр энергиясынын баасын көтөрүү боюнча дагы бир жолу ойлонуп көрүүнү өтүндү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: