Энергетика министри: "Кыргызстанда баары кымбаттады, бирок электр энергиясы кымбаттаган жок"
Кыргызстанда баары кымбаттап жатат, бирок электр кубаты кымбаттаган жок. Мындай пикирин энергетика министри Доскул Бекмурзаев министрликтин жарым жылдык отчётун берип жатып айтты.
Министрдин белгилешинче, бүгүнкү күндө экономиканын бардык тармагында баалар өсүп, бир гана электр энергиянын тарифи өзгөргөн жок.
"Электр кубатын сиздерге алып келип бериш үчүн анын техникалары, чыгашалары баары кымбаттап жатат. Жабдуулар чет элдик валютада алып келинет. Бул электр энергиясынын баасына таасирин тийгизет. Доллардын курсу көтөрүлгөндө өсүмдүк майы, башка азыктар дагы кымбаттады. Андыктан энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү түшүнүү менен кабыл алуу керек", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.