Жети-Өгүздө суу нугунан ашып унаа жолду каптады

Маалыматка ылайык, болжол менен саат 16:27де Жети-Өгүз айыл аймагынын Көк-Жайык жайлоосуна каттаган жолдо суу нугунан ашып, биринчи жана төртүнчү көпүрөнү, жолду каптаган.
Табигый кубулуш катталган дарекке Жети-Өгүз райондук ӨКБнүн ыкчам тобу менен биргеликте Жети-Өгүз айыл өкмөт башчысы, №35 жол тейлөө мекемесинин адиси жайлоодон түшүп келе жаткан унааларды көзөмөлдөп, өткөрүшкөн.
Алар суу каптап кеткен жолго таштарды тизип, эс алуучулардын коопсуздугун көзөмөлдөшкөн. Учурда жолго нөөмөт уюштурулуп, жолдон ары-бери өткөн жүргүнчүлөрдү, эс алуучуларды айланма жол менен коопсуз өткөрүшүүдө.
Ошондой эле жүргүнчүлөргө кооптуулук жараткан эски көпүрөлөрдү жаңы жасоого, оңдоо иштерине байланыштуу жолду жабуу чечими кабыл алынып, райондук администрация жетекчилиги тарабынан тескеме даярдалууда.
Учурда жол тейлөө мекемеси иштеп, жол убактылуу жабык.
Жети-Өгүздө унаа жолду суу каптады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.