Кулубаев кыргызстандыктар миграцияга эң көп агылган өлкөлөрдү атады
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев мекеменин алпара турган ишинин негизги багыттарынын бири чет мамлекеттерде жүргөн Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыгын коргоо экендигин билдирди.
"Жарандарыбыздын чет өлкөлөргө миграцияга агылуусу чоң көйгөйлөрдүн бири. Өзүңүздөр билгендей, мекендештерибиз эң көп Орусия жергесине иштегени барышат. Ал жакта болжол менен 1 миллиондой жараныбыз бар. Алардын 700 миңи Москвада. Ал эми жумуш издеп көп агылган экинчи өлкө Түркия, үчүнчү Түштүк Корея, андан кийин Европа өлкөлөрү", - деди ал.
Кулубаев мигранттардын укугун коргоо боюнча тынымсыз иш алып барып жатышканын белгилеп, алардын бири катары Орусияда "кара тизмеге" кирген 27 миң жаранга жакында миграциялык мунапыс берилерин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.