super.kg logo

Алдыда электр энергиясынын баасы көтөрүлөт. Министрдин түшүндүрмөсү

 

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев электр энергиясынын баасын акырындык менен көтөрүү керек экендигин, себеби энергетика тармагы карызга батып, каржылык таңкыстык жаралып жатканын билдирди.

"Быйыл тарифтер өзгөрбөйт. Ал эми келерки жылы көтөрүү пландалууда. Биз элге сунуштап жатабыз. Мунун үстүндө ойлонушубуз керек. Акырындан кошуп отуруп 2030-жылга чейин электр энергиясына болгон бааны азыркыдан эки эсеге чейин көтөрүш керек. Анткени энергетика тармагындагы тышкы карыздарыбызды төлөшүбүз зарыл. Жалпак тил менен айтканда азыркы тапта акыркы "сокторун сыгып" жатабыз. Электр кубатын сиздерге алып келип бериш үчүн анын техникалары, чыгашалары баары кымбаттап жатат. Доллардын курсу көтөрүлгөндө өсүмдүк майы, башка азыктар дагы кымбаттады", - деди ал.

Бекмурзаев элди энергетика тармагындагы каржылык тартыштыкка түшүнүү менен мамиле кылып, кырдаалга жараша жасалган кадамдарды туура кабыл алууга чакырды.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: