super.kg logo

Сузакта 43 жаштагы Өмүрбек Исламов дайынсыз болуп изделүүдө

 
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кыз-Көл айыл аймагынын Жаңы-Айыл айылынын 43 жаштагы тургуну Өмүрбек Исламов дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ал 11-июль күнү саат 09:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.
Учурда Өмүрбек Исламов жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: бою 175-180 сантиметр, ак жүздүү, чачы кара кыска, кашы, көзү кара, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: боз түстөгү кепка, боз түстөгү футболка жана спорттук шым, бутунда күрөң түстөгү крассовка.
Милиция кызматы дайынсыз болуп жаткан Өмүрбек Исламов боюнча кандайдыр бир маалымат болсо төмөнкү номерлерге кайрылып коюуну өтүнөт: 03722-7-39-90, 102, 0553-78-00-78, 0777 80-65-68.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: