super.kg logo

Садыр Жапаров Ысык-Көлдө эс алып жаткан мугалимдер менен жолукту (фото)

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылындагы мугалимдердин “Санат” ден соолукту чыңдоо борбору менен таанышып, эс алуудагы мугалимдерден кабар алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Анда мамлекет башчы билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бөлүнүп, бул жаатта эмгектенгендердин социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга басым жасалып жатканын белгиледи.

Алсак, аталган пансионатка 1000 орундуу корпус кошумча куруу менен, ден соолукту чыңдоо жайынын инфратүзүмүн жакшыртуу, потенциалын толук кандуу пайдалануу боюнча бардык мүмкүнчүлүктөр колдонуларын айтты. Эс алуудагы мугалимдер жана пансионаттын коноктору өлкө башчы менен баарлашып, билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөргө кубанып жаткандыктарын билдиришти.

Өз кезегинде президент агартуу тармагы мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыты катары кала берерин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: