super.kg logo

Бишкекте дагы бир унаа каттоочу борбор ачылды

 

Бишкекте транспорт каражаттарын каттоо боюнча калкты тейлөө борбору иштей баштады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн бөлүмүнүн базасында Элебесов көчөсүнүн №206 дарегинде жайгашкан транспорт каражаттарын каттоо боюнча калкты тейлөө борбору иштей баштады.

Борбор “бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштейт. Ар бир кыргызстандык жаран катталган жерине карабастан өз унаасын каттай алары айтылат.

"Бардык транспорт каражаттарын эсепке алуу жана каттоо процесстери автоматташтырылган жана жалпы тутумга интеграцияланган.

Транспорт каражаттарын каттоо боюнча калкты тейлөө борборунун жалпы аянты 2000 чарчы аймакта жайгашкан, ал эми имараттын аянты 300 чарчы. Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн кондиционер тутуму орнотулган, электрондук кезек күтүү, маалымдоо стенди жана күтүү бөлмөсү каралган. Банктардын кассалары иштейт, ошондой эле төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн терминалдар орнотулган. Паркинг аянты 200 унаага ылайыкталган", - деп жазылат маалыматта.

Сынак залы видеобайкоо камерасы менен жабдылган, ал эми практикалык экзамендерди кабыл алуу автодромдо чыныгы жол шартына мүмкүн болушунча жакын режимде жүргүзүлөрү маалымдалат.

"Транспорт каражаттарын каттоо боюнча калкты тейлөө борборунда автоунааларды каттоо үчүн 10 кабинка, айдоочулук күбөлүктү тариздөө үчүн 3 кабинка иштейт. Кошумча даяр документтерди жана мамлекеттик номур белгилерин берүү үчүн өзүнчө кабинка жайгаштырылган. Транспорт каражаттарын каттоо боюнча калкты тейлөө борбору күнүнө 300гө чейин унаа сүйүүчүлөргө кызмат көрсөтө алат",- деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле “Унаа” мамлекеттик мекемесинин директору Рустам Джокоев шаардын батыш бөлүгүндө үчүнчү транспорт каражаттарын каттоо боюнча калкты тейлөө борборун ачуу мерчемделип жатканын билдиргени кабарланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: