super.kg logo

Бир жарым айдан бери үйүнө бара элек. Унаанын ичинде ур-токмокко алынган кыз табылды

 

Буга чейин интернетте жашы жете элек кызды унаада эки адам коркутуп, уруп жаткан видео тараган. Анда белгисиз эки эркек кол көтөрүп, "суракка алып" жаткан кыз табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен ОИИБинен билдиришти.

“Кыз Кызыл-Кыя ШИИБинин милиция кызматкерлери тарабынан кечээ, 28-июль күнү Ош облусунун Ноокат районунан табылып, аман-эсен апасына өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат маалыматта.

Аталган мекеменин маалымат кызматы 26-июль күнү Кызыл-Кыя ШИИБинин кызматкерлери кыздын жашаган үйүнө барып сураштырган. Анда кыздын апасы Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 1978-жылы туулган И.Б., 2005-жылы туулган С.Г. аттуу кызы 14-июндан бери дайынсыз болгондугун билдирип милицияга арыз жазгандыгын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин социалдык түйүндөрдө жашы жете элек кызды унаада эки адам коркутуп, уруп жаткан видео тараган.

Окуя Ош облусунда орун алгандыгы белгилүү болгон. Ош ОИИБнин басма сөз кызматы кызды “суракка алып” жаткан жаран Ош облусунун Ноокат районунун жашоочусу экендигин, мурда үч жолу соттолгондугу аныкталгандыгын жана азыркы тапта сурак берип жаткандыгын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: