Президент отурган өкмөт үйүнүн фасады жаңыртылып жатат (фото)













Бишкек шаарындагы өкмөт үйүнүн фасады жаңыртылууда. Учурда имараттын сырты сырдалып, айланасындагы таман таштарды жаңылоо иштери жүрүп жатат.
Белгилүү болгондой, өлкө башчы Садыр Жапаровдун иш бөлмөсү өкмөт үйүндө жайгашкан. Аталган имарат Ак Үйдөн анча алыс эмес жерде, эски аянтта орун алган.
Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын имараты жарыктандырылып, сырткы фасады жаңыланганы маалым болгон.
Мындан тышкары учурда Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Башкы прокуратуранын күйүп кеткен мурдагы имаратын бузуу иштери да жүрүп жатат.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
7

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.