super.kg logo

Ошто студент кызды өлтүрүп, короого көмүп койгон окуя: Айыпталуучуга карата сот чечими чыкты

 

Ош облусунун Кара-Суу районунда сүйлөшкөн кызын бычактап, сөөгүн үйүнүн жанына көмүп койгон 24 жаштагы жаранга карата сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу облустук соттун маалымат кызматынан билдиришти.

Кара-Суу райондук сотунун чечимине ылайык, айыпталуучу Кылмыш-Жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2,7-пункттары (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) менен Н.А. күнөөлүү деп табылып, үй мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркиндигинен ажыратылды.

"Чечим кечээ, 28-июлда кабыл алынды. Жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленди, бөгөт коюу чарасы мурункудай камакта калтырылды. Өкүмгө нааразы тарап Ош облустук сотуна апелляциялык даттанууга укуктуу", - деп билдиришти соттон.

Маалымат үчүн:
2022-жылдын февраль айында Ошто дайынсыз жоголгон 4-курстагы студент кыздын жансыз денеси табылган. Ал киши колдуу каза болгону аныкталып, шектүү катары Ноокат районунун 1998-жылы туулган тургуну, ОшМУнун 4-курсунун студенти Н.А. качып жүргөн жеринен кармалган. Ал көрсөтмөсүндө аш бычак менен кызды сайгылап өлтүрүп алганын, андан соң үйдүн жанына көмүп койгонун айткан.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: