super.kg logo

Каракол шаарында Айтматовдордун музейин түзүү пландалууда

 

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Нагима Айтматова менен Чыңгыз Айтматовдун музейин түзүү пландалууда. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун катчысы Ассоль Молдокматова билдирди.

"Улуу Жибек Жолу байыркы заманда Кытайдан Европага соода кербен жолу катары пайда болгон. Убакыттын өтүшү менен ал бутактанып, кол өнөрчүлүк, маданият жана дин боюнча билимдерди берүү каналына айланган. Анын жолунда жайгашкан шаарлар гүлдөп, анын ичинде Каракол шаары 1869-жылы 1-июлда кербен жолунда аскердик-административдик борбор катары негизделген.

Караколдун өнүгүшүнө татарлар чоң салым кошкон. Тактап айтканда, татар соодагерлери Караванная жана Токтогул көчөлөрүнө соода борборун, татар мечитин, медреселерди, завод-фабрикаларды салышкан. Архивде Вали Хожи, Каримовдор, Фатих Сулейманов сыяктуу соодагерлердин ысымдары сакталган. Токтогул жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишиндеги имарат жазуучу Чыңгыз Айтматовдун таятасы Хамза Абдувалиевге таандык экенин көпчүлүк шаар тургундары билет. Апасы Нагима Айтматова да ошол жерде төрөлгөн.

Нагима жана Төрөкул Айтматовдор

Учурда шаар 150 жылдык мааракесин белгилеп, дүйнөдөгү атактуу туристтик борборлордун бирине айланды. 2022-жылы КМШнын маданий борбору болуп аталган. Андан ары өнүктүрүү жана анын туристтик жагымдуулугун жогорулатуу үчүн Караколдун потенциалы чоң.

Мына ушуну эске алып, элибиздин маданий мурасын чыңдоо, ошондой эле шаардык туризм инфраструктурасын өнүктүрүү максатында Кыргызстандын белгилүү коомдук ишмери, Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү Роза Айтматова жана анын жакындары Хамза Абдувалиевдин жана анын кызы Нагима Айтматованын Каракол шаарынын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө кошкон салымын эске алуу менен, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун адабий мурасын кеңири жайылтуу тилеги менен "Нагима жана Чыңгыз Айтматовдор" музейин түзүүнү чечишти.

Музейдин негизги максаты: 1. Каракол шаарынын маданий-тарыхый мурасын байытуу; 2. Каракол шаарынын туристтик жагымдуулугун жогорулатуу; 3. Жаш муундарды патриоттукка тарбиялоо; 4. Нагима Айтматова бийик адептүүлүктүн жана энеликтин үлгүсү", - деп жазылган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: