super.kg logo

Бишкектеги өрт чыккан кампада сакталган азыктар аталды

 
Бишкек шаарынын Садыгалиев көчөсүндөгү өрттөнгөн кампада азык-түлүк жана жер семирткич сакталган. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.
Маалым болгондой, өрттүн болжолдуу аянты 1500-1800 чарчы метрди түзөт. Бактыга жараша, жабыркагандар жок. Анда:
  • 450 тонна - жер семирткич;
  • 300 тонна - тамак-аш тузу;
  • 80 тонна - өсүмдүк майы;
  • 30 тонна - гречка;
  • 10 тонна - күрүч сакталып калды.
Кампадан чыккан ири өрт тууралуу маалымат түнкү саат 03:45те түшкөн. Жалпысынан өрттү өчүрүүгө 7 бөлүм, 10 өрт өчүрүүчү унаа, ӨКМдан 40, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун 3 кызматкери тартылган.
Ошондой эле аймактагы аянтты чектөөгө ИИМдин 60 кызматкери, Жашылдандыруу муниципалдык ишканасынан 2, шаардык суу чарба башкармалыгынан 3 суу ташуучу унаа тартылды. Тилсиз жоо саат 07:20да чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө.





Бишкекте кампадан өрт чыкты.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: