Таш-Көмүрдө турак үйлөрдү сел суулары каптады






Таш-Көмүр шаарында турак үйлөрдү сел суулары каптады. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.
Маалыматка караганда, 30-июлда саат 19:00 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен шаардагы 10го жакын турак үйдүн ичин жана 1 көп кабаттуу турак үйдүн жер төлөсүн сел суулар каптап, ички чарбалык жолду кум аралаш шагыл каптаган.
Жерине 40 куткаруучу тартылып, суу сордуруучу мотопомпанын жана кол каражаттарынын жардамында сел суулар толугу менен тазаланып бүттү.
Мындан тышкары №38 Жол тейлөө ишканасынан 3 техника тартылып, ички чарбалык жолду калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.