super.kg logo

"Ыктыярчылар керек". Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кыздын атасы коомчулукка кайрылды

 

18-июль күнү Ысык-Көлдөгү Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кыз көлгө чөгүп кеткен.

Изделип жаткан 4 жаштагы кыздын атасы издөө иштерине ыктыярчылар тобу тез арада керек болуп жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, ӨКМнын кызматкерлери окуя болгон жерде жетекчилик же массалык маалымат каражаттары болгондо гана иштеп жатканын, башка учурларда алар эч нерсе кылбай, күн сайын кызды табабыз деп убада берип, бирок жайынтык чыкпай жатканын кошумчалады.

Андан сырткары издөө иштерине көмөктөшкөн ыктыярчылардын жол кире жана тамак-ашы төлөнөрүн, ошондой эле дрон, кайыктар, дельтаплан жана ыктыярчыларды жеткире турган транспорт үчүн күйүүчү май керектелип жаткандыгын айтты.

Издөө иштерине жардам берүүнү каалагандар төмөнкү номерлер аркылуу байланышса болот: Сабыр - 0705-60-37-04, 0555-99-56-26.

Белгилей кетсек, 5 адамдан турган балалуу үй-бүлө көл жээкте эс алып жаткан кезде шамал болуп, көл бешөөнү тең баллондору менен кошо жээктен алыс тартып кеткен. Аларды кайыктагы жергиликтүү тургундар таап алышкан. Бирок 4 жаштагы кызды таппай калышкан.






Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды табууга жардам керек

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: