Балбан Билол Шарип уулу Дүйнө чемпиондугунда күмүш байгеге ээ болду
Кыргызстандык балбан Билол Шарип уулу Италияда өтүп жаткан 17 жашка чейинкилер арасында эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш байгеге татыды. Бул тууралуу Бириккен күрөш уюмунун сайтында жарыяланды.
Билол Шарип уулу 60 килограмм салмак категориясында 4 жолу катары менен жеңишке жетип, финалда ирандык атаандашына 4:5 эсебинде жеңилип калган.
Белгилей кетсек, буга чейин күрөш боюнча Италияда өтүп жаткан U-17 Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык балбан кыздар Гулнура Таштанбекова (69 килограмм) менен Жаркынай Нурлан кызы (65 килограмм) коло байгеге ээ болушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.