super.kg logo

Орусиядагы Кыргыз жарандарынын балдары эс алуу үчүн "Алтын балалык" борборуна келди

 

Бүгүн, 1-августта Ысык-Көл облусундагы "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоо-реабилитациялык борборуна Орусияда жашаган кыргыз мекендештердин 100 баласы эс алууга келишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Окууда, чыгармачылыкта, спортто жана коомдук-маданий ишмердүүлүктө айырмаланган балдардын тизмеси Свердлов, Челябинск, Тюмень облустарындагы, Пермь аймагындагы, Ямало-Ненецк жана Ханты-Мансийск автономиялуу округдарындагы кыргыз коомдук диаспоралык уюмдарынын жетекчилери тарабынан түзүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

Бул иш-чара өлкө жетекчилигинин, Жогорку Кеңештин жана министрлер кабинетинин колдоосу менен Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулдугу тарабынан ишке ашырылып, чет өлкөлөрдөгү мекендештердин балдарынын тарыхый мекени менен байланышын колдогон жана Ысык-Көлдө эс алуусун уюштурууга багытталган алгачкы долбоор болуп саналары айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: