super.kg logo

Эртең Бишкектин айрым бөлүгүндө ичүүчү суу үзгүлтүккө учурайт

 

Эртең, 2-августта Бишкек шаарынын айрым бөлүгүндө суу берилбейт. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, саат 09:00дөн 19:00гө чейин Керимбеков көчөсүндөгү 2 турак үйгө суу киргизүү иштерине байланыштуу жана диаметри 100 миллиметр болгон авариялык түтүктү жабуу иштерине байланыштуу суу берилбейт.

Ичүүчү суу токтотулган аймак Токтогул - Манас - Исанов - Пушкин көчөлөрүнүн аянты. Анда Киев көчөсү №129, 131, 133, 135, 137, 137А, 59, 63А, 129/1, 131А, 131/1;

Чүй кең көчөсү №161, 158, 243, 245;

Керимбеков көчөсү № 50,52, 57А, 57, 154, 56;

Исанов көчөсү №96,105/2, 105 Б дарегинде ичүүчү суу үзгүлтүккө учурайт.

Ошондой эле төмөнкү уюмдарда суу берилбейт:

Чүй кең көчөсү, 160 дарегиндеги БУУнун имараты, Керимбеков көчөсү, 51 дарегиндеги №47 бала бакча, Киев көчөсү, 154 дарегинде жайгашкан №7 үй-бүлөлүк медициналык борбор.

"Бишкек суу канал" тургундардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочулар менен уюмдардын кызматкерлерин ичүүчү суу камдап алууну өтүнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: