"Кара-Кечеде" чыккан көмүрдүн баасы белгилүү болду

Бүгүн, 1-августта “Кара-Кечеде” көмүр жүктөө башталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көмүр калкка жана Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) ташыла баштады. Аталган мекеме калкты азыртадан кышкыга көмүр камдап алууга чакырат.
"Кара-Кечеден” көмүрдүн баасы 1 миң 450 сомдон чыгып жатканын, ал эми аймактарда сатыла турган бааны Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги чыгымдарды кошо эсептеп, бааларын коюп берерин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.