Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров Орусиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту




Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун маселелерин, ошондой эле Бишкек, Москва, Санкт-Петербург шаарларынын жана Орусия Федерациясынын башка аймактарынын ортосундагы кызматташуу программаларын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулап, эки тараптуу кызматташууну активдештирүү зарылдыгын белгилешти.
Өз кезегинде элчи Бишкек шаарынын мэрине кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирип, Орусия Федерациясынын башка шаарлары менен достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.