super.kg logo

Бишкек шаарынын мэри Япониянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси менен жолукту

 

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Япониянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Маэда Сигэки менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн мындан аркы келечегин талкуулашты.

Өз кезегинде элчи «Run the Silk Road» Бишкек эл аралык жарым марафонун жана Япония күнү фестивалын өткөрүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү. Мэр шаардык муниципалитет мындай иш-чараларды өткөрүүгө ар дайым колдоо көрсөтүп, борбор калаада спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

Кошумчалай кетсек, борбор калаанын мэри Бишкек шаарындагы курулуп жаткан мектептердин бирине япон классын ачуу сунушун киргизди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: