Жети-Өгүздө таң эрте сел жүрдү (видео)




Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.
Маалым болгондой, эртең менен саат 08:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулар Кичи-Жаргылчак айылынын ички чарбалык жолдорун каптаган.
Жерине тактоо иш-чараларын жүргүзүүгө Жети-Өгүз районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Н.Касымалиев жана орун басары А.Жунушов тартылыптактоо иштерин жүргүзүүдө. Азыркы учурда Жаргылчак айыл өкмөтүнөн бир жүктөгүч тартылып тазалоо иштерин жүргүзүп жатат. Жол ачык.
Кошумча маалымат берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.