super.kg logo

Жашы жете элек кызды унаага салып, сабап жаткан видеонун чоо-жайы

 

Социалдык түйүндөрдө жашы жете элек кызды унаада эки адам коркутуп, уруп жаткан видео боюнча жаңы жагдайлар аныкталды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өспүрүм Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 17 жаштагы тургуну С. кызы Г. экендиги аныкталган.

Өспүрүм кыз окуя тууралуу 8-июнь күнү Э.Б. аттуу жаран (кылмышка шектүү) шериги Х. аттуу жаран менен “Эмнеге кайрымдуулук фондуна элден түшкөн 10 миң сом акчаны уурдап кеттиң?” деп кызды себепсиз уруп жатканда Э.Б. видеого тарткан. Андан кийин Э.Б.нын унаасы бузулуп, кызды такси менен Ноокат шаарына салып жиберген деген көрсөтмө берген.

Андан сырткары денесинен жаракат алгандыктан коркуп үйүнө барбай жүргөндүгүн билдирген.

Ал эми тергөө учурунда шектүү Э.Б. окуя 2020-жылы болгон деп билдирген.

Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: