А.Келдибековдун тарапташтарынын “түштүктө согуш ачабыз” деген маалыматтарын депутаттар сынга алышты
Бүгүн, 4-декабрда парламент жыйынында депутаттар Ахматбек Келдибековдун тарапташтарынын иш-аракеттерин сынга алышты. Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, “Келдибековдун баш коргоо чарасы өзгөртүлбөсө согуш баштайбыз” деген жарандарга жазаны күчөтүү керектигин айтышты депутаттар. Депутат Талантбек Узакбаев: “Өлкөдө конституциялык түзүлүштү бузуп, президентти алмаштырабыз деген эмне деген шумдук? Түштүктө согуш ачабыз, премьер-министрге кирип согуш баштай турганыбызды айттык деп жатышат. Уксаң үрөйүң учат. Мыйзамда мындайларга жазаны күчөтүү учурдун талабы”,- деди.
Депутат Эсенгул Исаков мындай чакырыктарды экстремисттик аракет деп баалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
3

