super.kg logo

ЭЛДИК КАБАРга жооп: Токтогулда базардын айланасында иретсиз соода кылгандар боюнча мэрия үн катты

 

Порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун тургуну кайрылып, райондогу негизги көчөдө жөө адамдар үчүн жасалган бөлүгүндө иретсиз соода кылгандарга нааразычылыгын билдирип, шаар бийлигинин ишин сындаган. Анда тургун "Мыйзамсыз соода жүргүзгөндөргө чара көрүүнү өтүнөбүз. Жөө адам басып өтүшү өтө оор. Мэрия, акимчилик эч кимиси карабайт" деген.

Токтогул шаардык мэриясына байланышканыбызда маселени чечүү үчүн чаралар көрүлөрүн маалымдашты.

"Сүйөркүлов көчөсүнүн №32 төрт кабаттуу үй бар. Ошол жерге 2020-жылы ишкерлер мыйзамсыз күркөлөрдү куруп алышкан. Бул боюнча бүгүнкү күнгө чейин бир нече соттук процесстер жүргөн. Аягына чыга элек.

Көп кабаттуу үйдүн жанында жашылча-жемиш саткан базар жайгашкан. Ал жактагы соодагерлер "эмнеге күркөлөрүн буздурбайсыңар, жашылча саткандарына тыюу салбайсыңар?" деп атаандашып, иретсиз соода уюштуруп жатканына себеп болууда.

Бүгүн базардын айланасындагы иретсиз соода-сатык кылгандарга эскертүүлөр берилип жатат. Дүйшөмбү, шейшембиден баштап мыйзам талабына ылайык иш алып барабыз. Ал эми баш ийбеген соодагерлерге укук бузуулар кодексинин негизинде чаралар көрүлөт. Соода түйүндөрүн алуу боюнча иш-аракеттерди жүргүзөбүз", - дешти мэриядан.

Ал эми урналар коюлган жерлерде таштандылар күн сайын алынарын, күнүнө 2 унаа таштанды чыгарыларын кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: