super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров өлкөдөгү ар бир сот үйлүү болорун айтты

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 5-августта Жогорку сотто судьялар менен болгон жолугушууда өлкө боюнча иштеп жаткан ар бир сот турак-жай менен камсыз болорун айтты.

Президент өз сөзүндө соттордун иштөөсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү маселесине токтолуп, ротацияланган судьяларды кызматтык турак-жай менен камсыз кылуу, облус борборлорунда судьялар үчүн заманбап имараттарды куруу иштери кызуу жүрүп жатканын эске салды.

Ар бир сотту турак жай менен камсыз кылабыз. Мамлекет тараптан судьялардын иштөөсүнө бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп беребиз. Андан кийин сиздерден бир гана талап болот - таза жана адилет иш алып баруу”, - деп билдирди ал.

Садыр Жапаров учурда өлкөнүн 40 районунда 300дөн ашык турак-жай курулуп жатканын, алар жыл соңуна чейин бүткөрүлүп, аймактарда иштеп жаткан ар бир судья үйлүү болорун баса белгиледи.






Президент судьялардын бардыгы үй менен камсыз болорун айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: