super.kg logo

Ошто рейд учурунда 49 мыйзамсыз жарнак объектилери алынып, 23үнө эскертүү берилди

 

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдардын нормаларына ылайык келтирүү иштери уланууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлеринен, муниципалдык менчик башкармалыгынын жана тиешелүү муниципалдык аймактык башкармалыктардын адистеринен турган мамлекеттик тил боюнча комиссиясы тарабынан Ош шаарынын кичи райондорундагы соода жайларында рейд жүргүзүлгөн.

Графиктин алкагында “Курманжан-Датка” МАБында жана Жапалак айыл аймагында 100дөн ашык соода объектилеринин талапка ылайык келүүсү текшерилип, анда талаптардын сакталышына өзгөчө көңүл бурулган.

Жыйынтыгында 23 ишкерге тиешелүү эскертүүлөр жана көрсөтмөлөр берилген. Мындан тышкары, ар кандай форматтагы жана көлөмдөгү 49 мыйзамсыз жарнак объектилери алынган.

"Тиешелүү көрсөтмөлөрдү алган ишкерлер мыйзамдын нормаларын белгиленген мөөнөттө аткарбаган учурда аларга карата административдик чаралар колдонулуп, жарнактары алынат. Рейддик иш-чаралар шаардын бардык кичи райондорунда улантылат", - деп билдиришти мэриядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: