super.kg logo

"Лицензиясы талапка жооп бербейт". Ысык-Көлдө 5 автомектепке айып салынды

 

Ысык-Көл облусунда лицензиясы талапка жооп бербеген беш автомектепке айып пул салынды. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл ОИИБи боюнча ЖКККБнын комиссиясы тарабынан айдоочуларды даярдоо же кайра даярдоо билим мекемелердин лицензиялык талаптарга дал келүү боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жол коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча облустун аймагында 21 автомектептер өздөрүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүшөт, анын ичинен 14 жоопкерчилиги чектелген коомдор, 7 кесиптик лицейлердин жана жогорку окуу жайынын базаларында болуп саналат.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө 26 көрсөтмө берилип, ал эми 5 автомектепке Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 284-беренесинин 2-бөлүгүнө (Лицензиялоонун талаптарын бузуу) ылайык айып салынды. Айыптын жалпы суммасы 85 миң сомду түздү", - деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, лицензия айдоочулук мектептерге чексиз мөөнөткө берилет. Эгерде лицензияда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса (үч айдын ичинде аныкталган кемчиликтер жоюлбаган учурда), лицензиялар кайра чакыртылышы мүмкүн. Лицензияны жокко чыгарууга атайын педалдар менен жабдылган унаанын жоктугу себеп да болушу мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: