super.kg logo

Херсон бийлиги Киев дайындаган губернаторду таануудан баш тартты

 

Херсон облусу расмий Киев дайындаган кадрдык чечимдерди тааныбайт. Бул тууралуу облустун администрация башчысынын орун басары Кирилл Стремоусов билдиргенин РИА Новости басылмасы жазды.

Ал мындай пикирин Украина өкмөтү Ярослав Янушевичтин Херсон облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы кызматына талапкерлигин жактырды деген маалыматка жооп катары айткан. Ал бул чечимди кылмыштуу деп атап, Херсон Украинанын юрисдикциясында эмес экендигин билдирген.

Ошондой эле ал Киев тарабынан мамлекеттик администрация башчысы болуп дайындалган Янушевич Херсон облусуна эч качан келбээрин белгилеген.

"Ал виртуалдык губернатор. Ал муляж" деген Стремоусов.

Марттын ортосунда орус аскерлери Запорожье облусунун Херсон жана Азов аймактарын көзөмөлгө алышкан. Ал жерде жарандык-аскердик администрациялар иштеп жатат. Ошондой эле аталган аймактарда Орусиянын телеканалдары көргөзүлүп, рубль жүгүртүүгө киргизилди, Крым менен соода байланыштары калыбына келтирилүүдө. Бошотулган аймактар ​​Орусиянын курамына кирүү планын жарыялашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: