super.kg logo

Тайвань Кытайдын коркутууларына жооп берди

 

Кытай Тайвандын айланасындагы машыгуулары аркылуу аймактык стабилдүүлүк менен тынчтыкты бузуп, өзүнүн куралдуу күчтөрүн уятсыздык менен колдонуп жатат. Бул тууралуу Тайвандын премьер-министри Су Чжэньчан айтканын чет элдик басылмалар жазышты.

Саясатчы Пекинди аскердик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүнү токтотууга чакырды. Анын айтымында, Тайбэй Пекиндин кысымына жана аралдын тургундарын коркутуу аракетине багынбайт.

"Кытай аймактык тынчтыкты жана стабилдүүлүктү бузуу үчүн аскерий аракеттерди жасады. Биз эч качан кысымга алдырбайбыз. Биз эркиндикти жана демократияны колдойбуз. Тайвандыктар Кытайдын коркутуп-үркүткөнүн жактырбайт", - деген Су Чжэньчан.

Ал белгилегендей, Кытай аралдын айланасындагы аскердик машыгууларын токтотушу керек, анткени мындан Тайвань эле эмес, башка мамлекеттер да жапа чегүүдө.

"Тайвань жапа чеккен жалгыз өлкө эмес. Коңшу өлкөлөр да катуу нааразычылыгын билдирип, АКШ сыяктуу эркиндикти сүйгөн жана демократиялык өлкөлөр муну катуу айыпташты", - деген Тайвань өкмөтүнүн башчысы.

Пекин өз аймагынын бир бөлүгү деп эсептеген Тайвандын айланасындагы кырдаал АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайбэйге жасаган иш сапарынан кийин кескин курчуп кетти. Саясатчы талаштуу аралга Кытайдын каршылыгына карабай барган. Пелосинин сапарына жооп иретинде Пекин Тайвань аймагында чоң масштабдагы аскердик машыгууларды баштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: