super.kg logo

Ошто Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери акыркы сапарга узатылды

 

Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Анна Тягунова акыркы сапарга узатылды. Маалыматты мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маркум менен коштошуу зыйнатына Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык аскер комиссариатынын, Ош шаардык ардагерлер союзунун, Ош аскер гарнизонунун өкүлдөрү, ардагердин туугандары жана жакындары катышкан.

"Анна Тягунованын сөөгү Ош шаардык көрүстөнүнө ардактуу түрдө коюлду. Ардагерди эскерүү менен үч жолу ок атылды", - деп билдиришти Ош мэриясынан.

Тягунова Анна Куприяновна 1923-жылы 10-июлда туулган. 1942-жылы Темрюк шаардык аскер комиссариаты тарабынан аскер кызматына чакырылган. 1942-1946-жылдары Украина фронтунун 232-госпиталында аскер медайымы болуп кызмат өтөп, андан кийин үй кожойкеси болгон. Маркум II даражадагы Улуу Ата Мекендик согуш ордени, юбилейлик медалдар менен сыйланган.

Учурда Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 3 ардагери калды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: