super.kg logo

Кытай Тайвандын айланасында машыгууларды үзгүлтүксүз өткөрөрүн жарыялады

 

Кытай армиясы эми Тайвань кысыгынын орто сызыгынын чыгыш тарабында үзгүлтүксүз машыгууларды өткөрөт. Бул тууралуу Кытайдын мамлекеттик телеканалына таянып чет элдик ЖМКлар жазып чыкты.

Анда буга чейин Тайвань аралы менен материктик Кытайдын ортосундагы кууш кысыктагы медианалык сызык расмий эмес башкаруу линиясы болуп саналып келгени, аны эки тараптан тең аскердик учактар ​​жана согуштук кемелер адатта кесип өтпөй турганы айтылат.

Ал эми мамлекеттик телеканалдын комментатору медианалык сызык эч качан мыйзамдуу түрдө таанылганбагандыгын жана бул АКШнын аскерлери өткөн кылымда өз максаттары үчүн түзгөн "ойдон чыгарылган" сызык экендигин билдирген.

Белгилей кетсек, Кытай Элдик боштондук армиясы машыгууну 2-августта АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга келген күнү жарыялаган. Пелосинин сапары Тайвань булуңундагы чыңалууга түрткү болду. Пекин 4-7-августта аскердик машыгуулар болорун жарыялоодон тышкары Тайвандан айрым продукцияларды импорттоого тыюу салган.

Тайвань 1949-жылы жарандык согуш маалында Кытайдан бөлүнгөнүн жарыялаган. Пекин аралдын көз карандысыздыгын тааныбайт жана аны өзүнүн провинциясы деп эсептейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: