super.kg logo

ЭЛДИК КАБАРга жооп: Арыктан суу ичип, балдар ооруга чалдыгып жатат деген кайрылууга акимчиликтен үн катты

 

ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Жалал-Абад облусундагы Бүргөндү айыл өкмөтүнө караштуу Жаштык айылынын тургуну кайрылып, эл таза суу жок кыйналып жатканын билдирген.

Жергиликтүү тургун кайрылуусунда "Суу тараткан водовоздон 1500 сомдон суу куйдурганга чамасы жетпегени айла жок кичинекей арыктан суу ичкенге туура келет. Арыктын суусу ден соолук үчүн өтө кооптуу. Майлуу-Суу шаарынын уран кошулган суусу, жолдо бизге жетип келгенче бир топ булганат. Ошонун себебинен наристелер ооруга чалдыгышат" деген.

Аталган маселе боюнча Ноокен районунун акими Таалайбек Ишенбековго кайрылганыбызда, каражат маселесине байланыштуу аталган айылдагы таза суу маселеси чечилбей келе жатканын айтты.

"Бүргөндү айыл өкмөтү тарабынан калкты таза суу менен камсыз кылуу 2016-жылы 64 миллион сомдук долбоор даярдалган. Бирок ушул күнгө чейин каражат маселеси чечилбей аткарылбай келет", - деп билдирди Ишенбеков.
Аталган айылда таза суу системасы эскилиги жетип, ошол эле учурда оңдоп-түзөөдөн өтпөгөнүнө байланыштуу жергиликтүү калктын 20 пайызы гана таза суу менен камсыз болуп, калганы аргасыздан Майлуу-Суу дарыясынан суу ичүүгө туура келүүдө.
"Бүргөндү айыл аймагындагы ичүүчү таза суу системасы 1959-жылы курулуп, бүгүнкү күнгө чейин оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Ошол себептен суу түтүктөрүнүн эскилиги жетип, калктын 20 пайызы гана таза суу менен камсыз болууда.
Жергиликтүү калк аргасыздан Майлуу-Суу дарыясынан суу ичет. Бул маселени чечүү үчүн 2004-жылы Азия өнүктүрүү банкына 21 миллион 285 миң сомдук долбоор даярдалып, элден жыйналуучу 5 пайыздык депозит 1 миллион 64 миң сом жыйналган. Бирок долбоор ишке ашкан эмес. Бүгүнкү күндө элден жыйналган 5 пайыздык өздүк салымы "РСК" банкында депозит түрүндө үстөк пайызы кошулуп туруучу шартта сакталып турат. Бул маселе боюнча тиешелүү жактарга кайрылып, чечүүнү аракет кылуудабыз", - деди ал.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: