super.kg logo

Өлкөдө 5G технологиясын сыноого уруксат берилди

 
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы уюлдук операторлорго 5G технологиясын сыноого уруксат берди. Бул туурасында министрликтин маалыматында жазылат.
Маалыматка караганда, 5G технологиясын киргизүү керектөөчүлөргө маалыматтарды алмашууда ылдамдыгын жогорулатып жана берилген трафиктин көлөмүн кеңейтүүсү күтүлүүдө.
5G технологиясын киргизүү үчүн шарттарды камсыздоо үчүн Байланыш кызматы учурдагы радиоэлектрондук жабдуулардан жыштык тилкелерин чыгаруу боюнча иштерди жүргүздү жана 5G'ны сыноо үчүн пилоттук жыштыктарды аныктады.
"Бүгүнкү күндө тестирлөөгө уруксат алган уюлдук операторлор Бишкектин аймагында 5G технологиясы боюнча биринчи сыноосун өткөрүштү. Жакында Кыргызстандын жашоочулары 5G технологиясын пайдаланып, жаңы бешинчи муундагы технологиялардын бардык артыкчылыктарын баалай алат", - деп айтылат анда.

5G тууралуу кенен маалымат шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: