"Алтын-Казынанын" кызматкерлери 17 жаштагы кызды зордуктады деген окуя: Ресторандын ээси үн катты
Бишкектеги "Алтын-Казына" ресторанынын кызматкерлери 17 жаштагы кызды мейманканага алып барып зордуктады делген окуя боюнча ресторандын ээси Махабат Мавлянова үн катты.
Ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасап, шектүүлөрдүн күнөөлөрү далилденсе сөзсүз жазаланышын талап кыларын белгиледи.
"Мен үчүн да бул маалымат үрөй учурарлык болду. Учурда кылмыш иши козголду, тергөө бул иштин бардык жагдайларын аныктап, күнөөлүүлөр татыктуу жазасын алат деп ишенем. Бирок, менимче, айрым түшүндүрмөлөрдү берүү зарыл. Акыркы 3 айдын ичинде Maryotel мейманканасы ар кандай спорттук командаларды кабыл алган спорттук уюм тарабынан ижарага берилген. Алар толугу менен өз алдынча башкарышат. Биздин компаниянын көзөмөлүндө эмес. Күнөөлүүлөр мыйзамдын өтө катаалдыгына жараша жазаланышын каалайм, бирок шектелген адамдарды айыптоодон мурун, тергөөнүн, экспертизанын жыйынтыгын күтүш керек деп ойлойм. Анткени күнөөсүздүк презумпциясы бар.
"Алтын-Казына" ресторанынын администрациясы калкка банкеттик кызмат көрсөтүүнү гана максат кылып, ашпозчуларды, официанттарды жана башка кызматкерлерди жумуш менен камсыз кылып, айлыктарын төлөп келет. Бирок эртең тигил же бул кызматкер, тигил же бул адам кандай кадамга барарын эч ким алдын ала көрө албайт. Адамда келечектеги кылмышкерди же тартип бузуучуну алдын ала таануу өтө кыйын. Ар бир бизнес ээси ушундай кырдаалга туш болушу мүмкүн, анын кызматкери ким болуп чыгышы мүмкүн экенине эч ким кепилдик бере албайт. Мен жабырлануучунун ата-энесинин сезимдерин түшүнөм, бирок мен аларды менин аброюма жана мекемелердин аброюна шек келтирүүдөн алыс болууга чакырам. Биз да сиздерге окшоп акыйкат иликтөөнү жана сөзсүз жазаланышын талап кылабыз", - деп жазды Мавлянова.
Буга чейин Чүйдө эки эркек 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жатканы боюнча маалымат тараган. Анда Бишкектеги "Алтын Казына" ресторанынын кызматкерлери кызды бир күн бою алмак-салмак зордукташканы айтылган.
Ал эми аталган окуя боюнча Аламүдүн РИИБине кайрылганыбызда, окуя боюнча бардык адамдар такталып, алар суракка алынгандыгын жана окуянын жагдайы боюнча тыкыр изилдөө жүргүзүлүп, күнөөлүү адамдарга мыйзам чегинде тийиштүү чаралар көрүлөрүн билдирген.

