"Дөө-шааларга туш келди". "Танк биатлону-2022" мелдешинде Кыргызстандын атаандаштары аныкталды
Кечээ, 8-августта "АрМИ-2022" алкагындагы "Танк биатлону-2022" мелдешине катышуучу командаларына жана танк экипаждарына чүчү кулак өткөрүлдү. Бул тууралуу Генералдык штаб кабарлады.
Маалыматка ылайык, чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы жашыл түстөгү танктарда Орусия, Кытай, Беларусь мамлекеттеринин командалары менен ат салышмакчы.
Кыргызстан командасынын катышуусундагы үчүнчү тайпанын жарышы 14-август күнү өткөрүлөт.
Эскерте кетсек, Эл аралык "Танк биатлону-2022" мелдеши 2022-жылдын 13-августунан 27-августуна чейин өткөрүлүп, Европа, Азия, Африка жана Латын Америкасынын 21 мамлекетинен турган командалары катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.