super.kg logo

Өлкө боюнча кайсы мектептерде директорлук кызматка бош орундар бар экени белгилүү болду (тизме)

 

11-августтан тарта мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына талапкерлерди компьютердик тестирлөө башталат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча 7 облус жана Ош шаарында жалпы 827 бош орун бар. Ал эми Бишкек шаарындагы мектептердин директорлук кызматына бош орундар такталууда.

Өлкө ичиндеги региондор боюнча бош директорлук кызмат орундары бар мектептердин тизмеси төмөнкү шилтемелер боюнча жеткиликтүү:

Баткен облусунда – 98 орун;

Жалал-Абад облусу – 158 орун;

Талас облусу - 44 орун;

Нарын облусу - 35 орун;

Чүй облусу - 146 орун;

Ысык-Көл облусу - 85 орун;

Ош облусу - 244 орун;

Ош шаарында -17 орун.

Тестирлөө Билимдин сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору тарабынан өткөрүлөт. Процесстин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу үчүн көз карандысыз коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө байкоо жүргүзүү жана телеканалдардын катышуусу менен социалдык тармактарда компьютердик тестирлөөнү түз алып көрсөтүү пландаштырылууда.

Мекемеден сынакка байланыштуу суроолор жаралса, төмөндөгү номерлерге кайрылууга болорун билдиришти: 0505 110 108, 0556 110 107, 0755 112 237, 0778 112 238.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги директорлорду тандоо сынагы Баткен облусунан башталарын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: