Унаалардын айнектерин караңгылатуудан казынага 70 миллион сомго жакын каражат түштү

Белгилүү болгондой, 2022-жылдын 1-июнунан тартып жеңил транспорт каражаттарынын алдынкы айнектерин караңгылатууга уруксат берүүнү каттоо процедурасы башталган.
8-августка карата 864 уруксат берүүлөр катталып, республикалык бюджетке 69 миллион 740 миң сом түштү.
"Уруксатты каттоого ниеттенген бардык адамдар транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк жана паспорт же ишеним кат менен ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин каалаган аймактык каттоо бөлүмүнө же секторуна кайрылса болот. Уруксат берүүнүн наркы:
- жеке адамдар үчүн - 80 миң сомду;
- юридикалык жактар үчүн - 100 миң сомду,
- резидент эместер үчүн 120 миң сомду түзөт", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.