super.kg logo

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери камактагы №61 мектептин директору Юрий Низовский менен жолугушту

 

Акыйкатчы Аппаратынын кызматкерлери УКМКнын Бишкек шаарындагы башкармалыгында болушуп, камакка алынган №61 физика-математикалык мектеп-лицейинин директору Юрий Низовский менен баарлашты. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Низовский тергөөчүлөрдүн жана оперативдүү кызматкерлердин аракеттерине эч кандай нааразычылык билдирген эмес. Акыйкатчынын өкүлдөрү менен сүйлөшүү УКМКнын кызматкерлеринин катышуусуз жабык өткөн.

"Акыркы мезгилде камактагылардын укуктарынын сакталышы боюнча түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен Акыйкатчы УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчилигинин, прокуратуранын жана Биринчи Май районунун тергөө судьясынын көңүлүн бурат. Бөгөт коюу чарасын колдонуу үчүн негиздердин жетиштүүлүгүнө толук, объективдүү, жүйөлүү баа берүүнүн зарылчылыгы, ал эми аны колдонууда жана түрүн аныктоодо Низовскийдин жашы, ден соолугунун абалы, туруктуу жашаган жеринин болушу жана соттолбогондугу.

Ошону менен бирге, Акыйкатчы Атыр Абдрахматова бардык камактагыларга карата “камакка алууну” колдонуунун калыптанып калган практикасы жазык сот адилеттигинин эл аралык принциптерине каршы келерин, ага ылайык “камакка алуу” өзгөчө чара катары каралып, аны кармоого мүмкүн болбогон учурда гана колдонулаарын белгилейт", - деп жазылган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: