super.kg logo

Москвада канализацияга агып каза болгон кыргызстандыктар: Бир адам камакка алынды

 

Москва шаарынын Люблино аймагында канализация тазалап жатып сууга агып кетип каза болгондон кийин подрядчик компаниянын директору кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитетине таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, учурда "Жумуш учурунда коопсуздук эрежелеринин бузулушу" жана "Шалаакылыктан улам бир нече адамдын өлүмүнө алып келүү" фактылары боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган подрядчик компаниянын директору кармалган.

7-августта Москва шаарынын Люблино аймагында суу түтүгүн тазалап жаткан 13 адамды суу агызып кеткен. Анын бешөө өз алдынча чыгып, беш кишини куткаруучулар алып чыккан жана дагы үч адам дайынсыз жоголгон.

Кийинчерээк жоголгон үч адамдын жансыз денеси табылган. Алардын экөө Кыргызстандын, бирөө Тажикстандын жараны болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: